Кыргызстан менен Кореянын эмгек министрлери кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Бүгүн, 25-июлда, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Корея республикасынын ишке орноштуруу жана эмгек министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.
Меморандумга эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен Корея Республикасынын иш менен камсыз кылуу жана эмгек министри Ли Чжонг Сиктин жолугушуусунун алкагында кол коюлду. Документтин максаты-иш менен камсыз кылуу, кесиптик даярдоо жана эмгекти коргоо жаатындагы саясатты иштеп чыгуунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Министр Кудайберген Базарбаевдин айтымында, кореялык иштөөгө уруксат берүү системасынын (EPS) алкагындагы кызматташтык жакшы натыйжаларды көрсөтүүдө.
«Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун кабыл алган өлкөлөрдө эмгек мигранттары үчүн коопсуз шарттарды түзүү жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу менен Эмгек министрлиги кыргызстандыктарга ар кандай тармактарда тажрыйба топтоо жана потенциалын жогорулатуу үчүн чет өлкөдөн жумушка орношууга көмөк көрсөтүүдө.
Кыргызстандыктар Корея Республикасынын ишканаларында ийгиликтүү иштеп, жалпысынан 5 миңден ашык эмгек келишими түзүлгөн. Көпчүлүгү тамак-аш жана кагаз өнөр жайында эмгектенишет. Ошондой эле жумуш берүүчүлөр тарабынан турак жай жана тамактануу каржыланат. EPS системасы боюнча өткөн жылы 888 адам, быйылкы жылдын башынан бери 269 адам жумушка орношкон.
Биз EPS системасына жеке компанияларды жана ишкерлерди тартуу жолу менен квотаны көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбы», – деди Бишкектеги EPS борборунун директору Ким Юнкинин ишин баса белгилеп.
Жолугушууда Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү алкагында жакырчылыкты жеңүү жаатында тажрыйба алмашуу жана калкты иш менен камсыз кылуу тармагындагы кызматтарды санариптештирүү маселелери талкууланды.
2023-07-25