Москвадагы кыргыз диаспоралары укуктук сабаттуулук боюнча окуудан өтүштү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү Орусиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү үчүн укуктук сабаттуулук жана Социалдык адаптация боюнча семинар уюштурду.
Семинарда Москва облусунун адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ирина Фаевская, жарандардын конституциялык укуктарын коргоо башкармалыгынын өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдары, чет өлкөлүк жарандардын эмгек укуктарын ишке ашыруу, миграциялык мыйзамдарды сактоо жана аны бузгандыгы үчүн жоопкерчилик маселелери боюнча маалымат берилди.
Кыргызстандыктарга эмгекчи-мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн камсыздандыруу, билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгү, миграциялык каттоого алуу боюнча жол-жоболор, анын ичинде дактилоскопиялык каттоодон жана медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү, КРнын жарандарынын Россиянын аймагында мыйзамдуу түрдө жүрүүсү жана эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруусу, РФнын атайын мекемелериндеги КР жарандарынын укуктарын коргоо, ошондой эле Россия Федерациясынын миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына киргизилип жаткан түзөтүүлөр/өзгөртүүлөр ж. б. жөнүндө айтып беришти.
Өкүлчүлүктүн жетекчиси Кубандык Акматбеков Эмгек министрлигинин жана Өкүлчүлүктүн Россия Федерациясындагы коопсуз, легалдуу миграция үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана жарым жылдын жыйынтыгы боюнча алардын Россияда эмгек ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү боюнча ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишмердүүлүгүндө “КРнын Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин РФдагы коомдук өкүлдөрү жөнүндө” жобонун, келген өлкөнүн мыйзамдарынын жана жалпы кабыл алынган эрежелеринин, каада-салттарынын талаптарын жана ченемдерин милдеттүү түрдө сактоого өзгөчө көңүл бурулду.
2023-07-28