Мыйзамдуу ишке орноштуруу-адамдарды сатууга каршы аракеттенүүнүн таасирдүү механизми
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Улан Чаначев “Кыргыз Республикасында адам сатууга жана мажбурлап иштетүүгө каршы туруу”аттуу тегерек столдо билдирди.
Тегерек столдун ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аппараттарынын жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын Координациялык кеңештеринин мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Миграция маселелери боюнча Кеңеш жана эл аралык уюмдар катышты.
“Коопсуз эмгек миграциясы үчүн шарттарды түзүү жөнүндө КР Президенти С.Н.Жапаровдун Жарлыгын ишке ашыруу менен Министрлик тарабынан чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу боюнча чоң иштер жүргүзүлүүдө, бул эмгек кулчулугуна түшүп калуу коркунучун азайтат. Бүгүн Министрликтин линиясы боюнча Улуу Британияда, Түштүк Кореяда, Россияда, Японияда, Перс булуңундагы өлкөлөрдө ж. б. ишке орношууга болот.
Чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борбору жыл башынан бери “ишеним телефону” аркылуу адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 40 миңден ашык кеңеш берди”, – деди Улан Чаначев өз сөзүндө.
Тегерек столдо 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адам сатууга каршы күрөшүү боюнча Министрлер кабинетинин программасынын алкагында министрликтин учурдагы жыйынтыктары көрсөтүлүп, мыйзамсыз миграцияга, адам сатууга жана мажбурлап иштетүүгө каршы турууда мамлекеттин, жарандык сектордун жана эл аралык уюмдардын маанилүү ролу баса белгиленди.
Катышуучулар Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн Аппараттарынын жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын Координациялык кеңештеринин калк арасында адам сатуунун түрлөрүнүн бири катары адам сатуунун жана мажбурлап иштетүүнүн алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөгү маанилүү ролун белгилешти.