«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын июль айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 15 – июлунан 22- июлуна чейин 1339 телефондон кайрылуу (бир суткада 191 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 48 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 17 же 35,4%  жаш балдар, ал эми 31 же 64,6 % чоң кишилер), 36 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 1 абонентке психологиялык консультация берилген, 11 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

48  чалуунун ичинен: эркектерден – 6 (12,5%), аялдардан – 25 (52,1%), эркек балдардан – 1 (2,1%), кыздардан – 16 (33,3%).

 Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 12 (балдар 6);

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө –  9 (балдар 0);

– балдарды тарбиялоо, анын журум туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 9 (балдар 9);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 5 (балдар 0);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө  – 3 (балдар 0);

– балдарга кайдыгер мамиле жасоо жөнүндө – 2 (балдар 0);

– үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 2 (балдар 0);

– психологиялык жабырлануу менен  –1 (балдар 1);

– БУИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 1 (балдар 1);

– билим берүү системасы жөнүндө – 1 (балдар 0);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн , ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 1 (балдар 0);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 1 (балдар 0);

– башка маселелер боюнча – 1 (балдар 0).

1291 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 13 (27,1%);

– Ош облусунан – 6 (12,5%);

– Жалал-Абад  облусунан  – 5 (10,4%);

– Чүй облусунан – 4 (8,3%);

– Ош шаарынан – 3 (6,2%);

– Ысык-Көл  облусунан – 2 (4,2%);

– Баткен облусунан   – 1 (2,1%);

– Нарын облусунан – 1 (2,1%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 13 (27,1%).

Пайдалуу
Ссылкалар