Ала-Бука райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы кадрлар резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Ала-Бука райондук Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы кадрлар резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт:

Башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар;       

1.Кесиптик билимдин деңгээли:                                                                                        

жогорку билим-экономика жана башкаруу (экономика, менеджмент, бизнести башкаруу, персоналды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маркетинг), гуманитардык (философия,политология,психология,тарых,юриспруденция,журналистика, эл аралык мамилелер, филология, культурология) жана социалдык илимдер, табигый илимдер, техникалык илимдер;                                                                                             

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.          

Жетектөөчү  кызмат ордуна коюлуучу талаптар;                                    

1.Кесиптик билимдин деңгээли:                                                                                      

-жогорку билим-экономика жана башкаруу (экономика, менеджмент, бизнести башкаруу, персоналды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маркетинг), гуманитардык (философия, политология, психология, тарых, юриспруденция, журналистика, эл аралык мамилелер, филология, культурология) жана социалдык илимдер, табигый илимдер, техникалык илимдер;                                                                                 

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:                                                                                       

-иш стажына талап коюлбайт.                                                                                     

Адис кызмат ордуна коюлуучу талаптар;                                                  

1.Кесиптик билимдин деңгээли:                                                                                 

-жогорку билим-экономика жана башкаруу (экономика, менеджмент, бизнести башкаруу, персоналды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маркетинг), гуманитардык (философия, политология, психология, тарых, юриспруденция, журналистика, эл аралык мамилелер, филология, культурология) жана социалдык илимдер, табигый илимдер, техникалык илимдер;                                                                                   

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:      

-иш стажына талап коюлбайт.    

Сынака катышуу үчүн документтер:

-кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз (байланыш телефон номери менен);

-кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, сүрөтү менен;

-резюме, сунуш каттар, өмүр баян;

-Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалымат борборунун сынакка арыз берген учурда берилген датасы 1 айдан ашпаган соттуулугу бар (же жок) экендиги жөнүндө маалымкаты;

-билими жөнүндө квалификациясын жогорулаткандыгы,илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы  жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү,эмгек китепчесинин,паспорттун жана аскер билетинин көчүрмөлөрү(эмгек китепчесинин жана дипломдордун көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүү зарыл).

Документтерди кабыл алуу жарыя гезит бетине чыккан күндөн тартып 10(он) жумуш күнүнүн ичинде жүргүзүлөт.

 Дареги: Ала-Бука айыл аймагы Ала-Бука айылы М.Мамырбеков көчөсү-42,

тел.: (03741) 5-08-86 .

Пайдалуу
Ссылкалар