«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын июль айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын июль айында 5574 телефондон кайрылуу (бир суткада 179 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 165 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 51 же 30,9%  жаш балдар, ал эми 114 же 69,1 % чоң кишилер), 134 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 10 абонентке психологиялык консультация берилген, 22 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

165 чалуунун ичинен: эркектерден – 25 (15,2%), аялдардан – 89 (53,9%), эркек балдардан – 12 (7,2%), кыздардан – 39 (23,7%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:                                                                                                                                                     

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө  – 33 (балдар 1);

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата – энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 28 (балдар24);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 22 (балдар 1);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн  жөнүндө – 19 (балдар 7);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар – 12 (балдар 1);

– психологиялык жабырлануу менен  – 10 (балдар 8);

– үй бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө  – 10 (балдар 1);

– балдарга кайдыгер  мамиле жасоо жөнүндө  – 8 (балдар 0);

– БУИТ борборунун иши жөнүндө  маалымат – 8 (балдар 5);

– башка маселелер боюнча  – 6 (балдар 3);

– медицыналык камсыздоо жөнүндө   – 4 (балдар 0);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО нын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен  – 3 (балдар 0);

– билим берүү системасы жөнүндө  – 2 (балдар 0).

5409 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 51 (30,9%);

– Чүй облусунан – 25 (15,2%);

– Ош  облусунан – 11 (6,6%);

– Жалал-Абад облусунан – 10 (6,1%);

– Баткен облусунан – 7 (4,3%);

– Ош шаарынан   –  6 (3,6%);

– Нарын облусунан  – 4 (2,4%);

– Ысык- Көл   облусунан – 4 (2,4%);

– Талас облусунан – 1 (0,6%);

 – жашырун чалуулар (анонимдерден) – 46 (27,9%).

Пайдалуу
Ссылкалар