Эмгек министри Кудайберген Базарбаев: Бишкекте «Жаңы кадамдын» мыкты долбоорлору көрсөтүлдү
Бүгүн, 9-августта Бишкекте өтүп жаткан “Социалдык контракт” долбоорунун катышуучуларынын конференциясында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев сөз сүйлөдү.
“Борбор калаада бир жарым жыл ичинде республикалык бюджеттен 100 миң сомдон аз камсыз болгон 450 үй-бүлө алган. Башталган бизнес-долбоорлор 1,8 миң адамдын жашоосун жакшыртат, алардын 1,2 миңи – балдар.
Шаар боюнча 56% өндүрүш – тигүү цехтери, биожерсемирткичтер жана курулуш материалдарын өндүрүү ачылган. Долбоорлордун дээрлик 15% – ар кандай кызматтарды көрсөтүү: транспорт, тамак – аш, сулуулук, коомдук тамактануу, 9% – бул соода чөйрөсүндөгү долбоорлор, калган катышуучулар айыл чарба тармагын тандашты.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жакырчылыкты жоюу боюнча демилгеси өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү деп ишенимдүү айта алабыз. Бул убакыттын ичинде социалдык келишимге катышкан 13 миңге жакын үй-бүлөнүн ичинен 9у гана өз долбоорлорун ишке ашыра алган эмес (каза болгондугуна, көчүп кеткендигине байланыштуу).
Калган үй-бүлөлөр жөлөк пул алуучу статусунан үй-бүлөсүн киреше менен камсыз кылган, жыргалчылыгын арттырган жеке ишкерлердин статусуна өтүштү. Катышуучулардын дээрлик 96% аялдар экени кубандырат”, – деди министр.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Э.М. Абдыкадыров, Бишкек шаардык Кеңештин депутаты Г. М. Халилова катышышты.
Конференцияда эң натыйжалуу долбоорлордун көрсөтүлүп, бизнести өнүктүрүү тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Мыкты жыйынтыктарды көрсөткөндөрдү ушул жылдын күзүндө өтүүчү жана социалдык контракттын мыкты тажрыйбаларын бир аянтта топтой турган “Жаңы кадам” республикалык курултайына делегаттар көрсөтүлдү.
ке.






2023-08-09














