Эмгек министрлигинин кызматкерлери “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашырууга кошкон салымы үчүн сыйланышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун Төрагалыгы алдында “Өкмөттүк акселераторлору” программасынын алкагында 100 күндүк тармактык реформалардын жыйынтыгы чыгарылды.
“Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында медициналык-социалдык эксперттик комиссияларда жарандарды күбөлөндүрүү процессинен өтүүнү автоматташтыруу боюнча бир катар иш-чаралар “күбөлөндүрүүдөн өтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, кайра күбөлөндүрүү, майыптык фактысын аныктоо” № 3 чакырыгын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобу тарабынан ишке ашырылган.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин автоматташтырылган маалыматтык тутумунун ортосундагы электрондук өз ара аракеттенүү боюнча бардык процесстер ийгиликтүү тестирлөөдөн өттү. Буга чейин жарандар 11 маалымкат жана документтерди чогултуп, тиешелүү мекемелерге берүүгө аргасыз болушкан.
Бүгүнкү күнү Жаран күбөлөндүрүү үчүн бир жолу келет.
Кызыкдар болгон уюмдар жана ведомстволор жаран тууралуу маалыматты “Түндүк”системасы аркылуу алышат. Жаран мындан ары ведомстволордо жүрбөйт.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын челлендждеринин биринчи тобу боюнча тапшырмалар аткарылганын белгиледи.
Аткарылган иштин жыйынтыгы боюнча, “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке киргизүүгө олуттуу салым кошкондугу жана Кыргыз Республикасында реформаларды жүргүзүүнүн жаңы куралын ийгиликтүү ишке киргизгендиги үчүн КР Президенти С. Н. Жапаровдун атынан ыраазычылык жарыяланды:
Алыбаева Жаңыл Ишенбековнага – КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
-Акбаева Жаңыл Турдубековнага – РМСЭБнын директору;
Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. Ү. Жапаровдун атынан ыраазычылык жарыяланды:
– Чаначев Улан Белековичке – министрдин орун басары;
-Чолумова Назгүл Тынчтыковнага – ДМЧА жана улгайган жарандарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы;
-Худайбердиева Адилет Авазбековна – ДМЧА жана улгайган жарандарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башкы адиси;
-Исаев Анатолий Александровичке- санариптик өнүктүрүү жана сатып алууларды уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси.
Эскерте кетсек, “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын расмий башталышы 2023-жылдын 17-мартында Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясынын катышуусу менен болгон.
2023-08-11