«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын 7 айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 7 айында 43320 телефондон кайрылуу (бир суткада 204 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 1259 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 382 же 30,3%  жаш балдар, ал эми 877 же 69,7 % чоң кишилер), 962 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 153 абонентке психологиялык консультация берилген, 144 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

1259 чалуунун ичинен: эркектерден – 240 (19,1%), аялдардан – 637 (50,6%), эркек балдардан – 93 (7,3%), кыздардан – 289 (23,0%).

 Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй: 

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө –  309 (балдар 8);

– балдарды тарбиялоо, анын журум туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 165 (балдар 115);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү  жөнүндө – 153 (балдар 14);

– психологиялык жабырлануу менен – 142 (балдар 116);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө  – 98 (балдар 45);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 81 (балдар 11);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 58 (балдар 13);

– БУИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 50 (балдар 29);

– билим берүү системасы жөнүндө – 49 (балдар 6);

– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 47 (балдар 7);

– башка маселелер боюнча – 43 (балдар 13);

–  мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн , өАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 32 (балдар 0);

– медицина камсыздоо жөнүндө – 28 (балдар 3);

– суицид жөнүндө – 3 (балдар 2);

– мектептеги рэкет жөнүндө – 1 (балдар 0).

42061  ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

 Бишкек шаарынан – 371 (29,5%);

 Чүй облусунан – 205 (16,3%);

 Ош облусунан  – 126 (10,0%);

 Жалал-Абад облусунан  –  111 (8,8%);

 Ош шаарынан  – 72 (5,7%);

 Ысыкол облусунан – 59 (4,6%);

 Баткен облусунан – 37 (3,0%);

 Нарын облусунан – 32 (2,5%);

 Талас облусуан – 24 (2,0%);

жашырун чалуулар (анонимдерден) – 222 (17,6%).

Пайдалуу
Ссылкалар