Эмгек министринин орун басары Ж. Алыбаева интернат тарбиялануучулардын жайкы лагерге жөнөтүлүшүн көзөмөлгө алды

Бүгүн, 17-августта эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева 215 баланын “Жалын” жайкы лагерине жөнөтүлүшүн көзөмөлгө алды.
Эс алуу аз камсыз болгон жана фостердик үй-бүлөлөрдүн балдары, интернаттардын тарбиялануучулары, майыптыгы бар балдар, жетимдер жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн уюштурулган.
“КР Президенти С.Н.Жапаров айткандай, балдар – бул ар бир элдин, ар бир мамлекеттин келечеги, кыялы, үмүтү. Биздин милдетибиз-сиздер бактылуу болуп өсүшүңүздөр үчүн бардык шарттарды түзүү, татыктуу жашоо шарттарын гана эмес, кубанычтуу, эстен кеткис эс алууга шарттарды түзүү болуп саналат. Ал үчүн республикалык бюджеттен 5 млн сом бөлүнгөн. Бул жайкы лагерге бара жаткан министрликтин линиясындагы үчүнчү агым. Жалпысынан өлкөнүн бардык аймактарынан 555 бала эс алат”, – деди ал.
Пайдалуу
Ссылкалар