Эмгек министри Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын жетекчилиги менен жолугушту
Бүгүн, 22-августта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын Төрагасы Э.Ш. Кызаев, КПФ төрагасынын орун басары Р. Б. Бабаева, тоо-металлургия профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Э. А. Тажибаев менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жаңы редакциясы талкууланды. Талкуунун жүрүшүндө министр жаңы Эмгек кодекси эмгекчилердин укуктарын жана кызыкчылыктарын сактай турганын белгиледи.
Федерациянын Төрагасы Э.Ш. Кызаев ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн профсоюздар кеңешинин эл аралык жыйынына чакырууну тапшырды. Анда эмгек миграциясын жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, мамлекеттик органдардын, иш берүүчүлөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен эл аралык келишимдерди ишке ашырууну талкуулоо талкууланмакчы.