«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын август айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 15 – 22 – августуна чейин 1854 телефондон кайрылуу (бир суткада 264 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 45 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 20 же 44,4%  жаш балдар, ал эми 25 же 55,6 % чоң кишилер), 35 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 6 абонентке психологиялык консультация берилген, 4 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

45  чалуунун ичинен: эркектерден – 3 (6,7%), аялдардан – 22 (48,9%),  эркек балдардан – 8 (17,8%) , кыздардан – 12 (26,6%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 8 (балдар 0);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 7 (балдар 1);

– психологиялык жабырлануу менен – 6 (балдар 3);

– балдарды тарбиялоо, анын журум туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 6 (балдар 5);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 4 (балдар 2);

– үй бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 3 (балдар 2);

– билим берүү системасы жөнүндө – 3 (балдар 0);

– БУИТ борборунун иши жөнүндо маалымат – 3 (балдар 3);

– башка маселелер боюнча – 2 (балдар 1);

– балдарга кайдыгер мамиле жасоо жөнүндө – 1 (балдар 1);

– суицид  жөнүндө – 1 (балдар 1);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 1 (балдар 1).

1809 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 13 (28,9%);

– Чүй облусунан – 5 (11,1%);

– Ош облусунан  – 4 (8,9 %);

– Ош шаарынан – 4 (8,9%);

– Жалал-Абад облусунан – 4 (8,9%);

– Баткен облусунан – 3 (6,7%);

– Талас облусунан – 2 (4,4%);

– Ысык – Көл облусунан – 1 (2,2%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 9 (20,0%).

Пайдалуу
Ссылкалар