Эмгек министри К. Базарбаев Казакстандын ИИМ министри менен мигранттардын маселесин талкуулады

Бүгүн, 24-августта, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Бзарбаевдин Казакстан Республикасынын Ички иштер министри Марат Ахметжанов менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда эки мамлекеттин жарандарынын миграциясына жана өз ара жүрүшүнө байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.
Кудайберген Бзарбаев Казакстан Республикасынын аймагында эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, аларды колдоо жана эмгек ишмердигин жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин көтөрдү.
Тараптар мигранттарды реабилитациялоо жана коомго интеграциялоо программалары, ошондой эле эмгек миграциясын жөнгө салуу жаатында тажрыйба алмашышты.
Пайдалуу
Ссылкалар