Эмгек министри Кудайберген Базарбаев: Эми Эмгек келишими электрондук документ түрүндө болуп, санариптик кол тамга менен тастыкталат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн уюштурулган “Санариптик эмгек рыногу, жаңы санариптик кесиптер жана жаңы тренддер” форумунун катышуучуларына маалымат берди.
«Жарандардын ар кандай категориялары үчүн иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү КР Президенти С.Н.Жапаров тарабынан Эмгек министрлигине коюлган артыкчылыктуу милдет болуп саналат. Бул багыттагы маанилүү кадам Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү болду. Эми эмгек келишими кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосунда электрондук санариптик кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук документ түрүндө түзүлүлөт.
Бул аралыктан иштөө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, жаңы кодекске ылайык, аралыкта иштеген жарандарга жумуш убактысынын жана эс алуусунун узактыгы, эс алуу күндөрүнүн, кепилдиктердин жана компенсациялардын жалпы нормалары колдонулат. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кошумча социалдык кепилдиктерди берет», – деди Кудайберген Базарбаев.
Министр ошондой эле Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин өкүлдөрүнө, КР Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Азис Абакировго, Программалык Камсыздоону Иштеп Чыгуучулардын Кыргыз Ассоциациясынын жеткчиси Айпери Ногойбаевага, “Социалдык ишкерлер ассоциациясы” коомдук бирикмесине, эл аралык донордук уюмдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын ДМЧА маселелери менен алектенген өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
Бул иш-чара “Социалдык ишкерлер ассоциациясы” коомдук бирикмеси тарабынан “Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ишкердикти жана санариптик көндүмдөрдү жана коворкингди өнүктүрүү боюнча инклюзивдик борбор” долбоорунун алкагында АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.
«Окутуучу тренингдердин, семинарлардын алкагында тандалып алынган 50 катышуучу – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, анын ичинде аймактардан келгендер санариптик көндүмдөр/адистиктер боюнча SMM, таргетинг, маркетинг, мобилография, санариптик контентти түзүү, блог жүргүзүү, лидерлик жана жеке өсүү жана социалдык ишкердүүлүккө окутулат», – деди Ассоциациянын төрагасы М.Асангариев.
М.Асангариев.
Пайдалуу
Ссылкалар