Эмгек министрлиги 2024-жылы канча майрам күндөрү болорун айтты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин буйругу менен 2024-жылга өндүрүштүк календарь жана жумуш убактысынын ченеми бекитилди.
2024-жылы эки күндүк дем алыш күндөр менен беш күндүк иш жумасынын иш күндөрү 250 күндү түзөт.
Анын ичинде 8 майрам алдындагы күндөр, 104 дем алыш күн, жумуш эмес майрам күнү дем алыш күнгө туш келгениен байланыштуу 4 кошумча эс алуу күндөрү – 8-январь, 8-апрель, 6-май жана 2-сентябрь.
Ай календары боюнча аныкталуучу “Орозо-Айт” жана “Курман-Айт” майрамдарын эске албаганда, 12 майрам күн.
Пайдалуу
Ссылкалар