Эмгек министри Кудайберген Базарбаев окутуу жана миграцияга чейинки даярдоо борборлору эмне менен алектенерин айтып өттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул, баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы жана кесиптик лицейлердин директорлору менен биргеликте окуу жана миграцияга чейинки даярдоо борборлору ачыла турган кесиптик лицейлердин директорлору менен иш багыттарын талкуулашты.
Аталган борборлор республиканын бардык облустарында жайгашкан 10 кесиптик лицейдин базасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин биргелешкен буйругуна ылайык түзүлгөн.
“Борборлор Тышкы миграция жаатындагы маселелерди чечүү, эмгек миграциясынын географиясын кеңейтүү, өлкө ичинде эмгек кадрларынын көндүмдөрүн өнүктүрүүнү камсыз кылуу жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн ачык.
Бавария Республикасынын Экономика министрлиги менен курулуш, отун технологиялары, тамак-аш жана жеңил өнөр жай сыяктуу негизги тармактык багыттар боюнча борборлорду жабдуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.
Ошондой эле жакын арада Австрияда жайгашкан миграциялык процесстерди өнүктүрүү боюнча эл аралык борбор менен меморандумга кол коюу пландаштырылууда. Бул уюмдун бюджети 9 млн еврого жакын, анын ичинде Кыргызстан үчүн жаңы миграция борборлорун түзүү боюнча долбоорду баштап жатат”, – деди Кудайберген Базарбаев.
Жолугушууда, түзүлүп жаткан 10 борбор Кыргызстандын ички рыногу үчүн да, чет өлкөгө эмгек миграциясына кетип жаткан жарандар үчүн да эмгек кадрларын окутуу кайра окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш алып барары айтылды. Иш менен камсыз болбогон калк жана жумушсуз жарандар, калктын социалдык жактан аялуу катмары, турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдар, иш берүүчүлөрдүн сунуштары боюнча ишканалардын , уюмдардын кызматкерлери үчүн кыска мөөнөттүү окутуу курстары уюштурулат. Билим берүү программалары санариптик куралдарды жана гибриддик окутуу форматтарын колдонуу менен ылайыкташтырылат.
Маалымдама:
Окутуу жана миграцияга чейинки даярдоо борборлору төмөнкү кесиптик лицейлердин базасында уюштурулат:
– №3 кесиптик лицейи Бишкек шаары,
– № 4 кесиптик лицей – Бишкек шаары,
– №10 кесиптик лицейи– Бишкек шаары ,
– № 14 кесиптик лицей – Каракол шаары,
– №23 кесиптик лицейи – Токмок ш.,
– №57-кесиптик лицейи – Баткен шаары,
– №75 кесиптик лицейи-Жалал-Абад ,
– №87 кеситик лицейи Нарын шаары
– №90 кесиптик лицейи – Талас шаарыны,
-№113 кесиптик лицейи – Ош шаары
Пайдалуу
Ссылкалар