Эмгек министри Кудайберген Базарбаев баатыр энени жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин эгемендүүлүк Күнү менен куттуктады

Бүгүн, 31-августта эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Баатыр эне Адалат Асанованы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
Адалат Асанова-10 баланын энеси Сузак районунун Кара-Алма айылында жашайт. Министр ага ден-соолук жана узак өмүр каалап, эстелик белектерди тапшырды.
Ошондой эле Кудайберген Базарбаев Сузак районунун Багыш айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мамасали Жумаевге барды.
Ардагер Волгоград жана Воронеж фронтторунда, андан кийин Ыраакы Чыгышта кантип согушканын айтып берди. Согуштан кийин Мамасали Жумаев Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн иштеп, тогуз баланы тарбиялаган.
Министр ошондой эле ардагерди куттуктап, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, белектерди тапшырды.
Пайдалуу
Ссылкалар