Эмгек министри Кудайберген Базарбаев Сузак интернатынын кызматкерлерин жана тарбиялануучуларын эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Сузак социалдык стационардык мекемесинин кызматкерлерин жана тарбиялануучуларын Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгы менен куттуктады.
Азыркы учурда интернатта Жалал – Абад, Баткен жана Ош облустарынан келген 90 камкордукка алынгандар-майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар жашайт. Алар үчүн күнү-түнү тейлөө уюштурулган, фитобар иштейт, дарылоо физкультурасы иштейт, протездик-ортопедиялык буюмдар акысыз берилет.
Камкорчулукка алынгандарга 3,5 миң китепке ылайыкталган китепкана, бардык кабаттарында сыналгылар бар, чач тарачтын кызматын көрсөтүшөт.
“Өлкөдө улгайган жарандарга, майыптыгы бар адамдарга кандай кам көрүлүп жатканы боюнча мамлекеттин жетилгендиги тууралуу айтсак болот. Бүгүнкү күндө социалдык камсыздоо тармагына КР Президенти С.Н.Жапаров тарабынан болуп көрбөгөндөй көңүл бурулууда.
Анын чечиминин аркасында тамак-ашка кеткен каражаттын көлөмү эки эсе көбөйгөндөн кийин биздин интернаттарда рацион бир топ жакшырды. Ошондой эле майыптыгы боюнча жөлөк пул эки эсеге көбөйтүлүп, пенсия туруктуу өсүп жатат”, – деп белгиледи Кудайберген Базарбаев.
Эгемендүүлүк күнүнө карата камкордукка алынгандар үчүн концерттик программа жана майрамдык тамак уюштурулду.
праздничный обед.
Пайдалуу
Ссылкалар