Эмгек министри Кудайберген Базарбаев Жалал-Абад элин Президенттин атынан Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Бүгүн, 31-августта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун атынан Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун тургундарын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгы менен куттуктады.
Министр мамлекет башчынын куттуктоосунун текстин окуп берди.
« Эгемендигибиз басып өткөн жолубузду: ийгиликтерге кантип жетишкендигибизди, кыйынчылыктарды кантип жеңгенибизди, жаркын келечек курууга багыт алганыбызды эскертип турат. Бул мезгил аралыгында бир топ оош-кыйыш окуяларды баштан кечирип, кетирген каталардан утур сабак алып, улам такшалып олтуруп, ийгиликке жетүү үчүн илим, билим, мыкты тажрыйба, чечкиндүүлүк жана саясий эрк керек экенине ынандык.
Акыркы эки жылда эбегейсиз зор иштер жасалды, кыялдар орундала тургандыгын далилдедик. Ондогон жылдар бою кыял болуп, кагаз жүзүндө гана чагылдырылган ири долбоорлорду ишке киргизе алдык. “Кумтөр” алтын кени кайтарылып, Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча мега-долбоорлор ишке ашырылууда.
Өлкө экономикасы калыптана баштады, ал ички дүң продукциянын, эмгек акынын, инвестиция агымдарынын өсүшүнөн, жумушсуздуктун азайышынан, бизнес чөйрөсүнүн өсүү темпинен көрүнүп турат. Кудай буюрса, биринчи кезекте экономикалык туруктуулукту, ар тараптуу жана туруктуу өсүштү мындан ары дагы бекемдейбиз. Келечектүү тармактарга инвестицияларды тартуу, чакан жана орто бизнести колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иштер мындан ары да күчөтүлөт.
Өзгөчө көңүл билимге жана илимге, маданиятты өнүктүрүүгө, илимий изилдөөлөрдү жана технологияларды колдоого бурулат», – деп айтылат куттуктоодо.
Пайдалуу
Ссылкалар