Эмгек министрлиги тарабынан “Барселона” менен “Азия” Легендаларынын беттешүүсүнө кимдер катышты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, “Берселона” легендалары менен болгон беттешке 100 интернаттын тарбиялануучусу 20 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар катыша алды.
“Өлкө жетекчилигинин аракети менен балдар жана чоңдор дүйнөлүк деңгээлдеги футбол жылдыздарын көрө алышты. Министрлик интернаттардын 100 тарбиялануучусуна жана кароосуз калган балдарга да мыкты оюн көрсөтүүгө жетишти”, – деп белгиледи ал.
Оюнга Панфилов мектеп-интернатынан, Чүй мектеп-интернатынан, Чолпон-Ата шаарындагы “Sos Балдар Айылы”, Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо атындагы 71 мектеп-интернатынан, “Явна” кайрымдуулук фондунан балдар келишкен.
Министрлик ошондой эле балдар үчүн футболка, кепка, тамак-аш жана суусундуктарды уюштурду.
Пайдалуу
Ссылкалар