Эмгек министри Кудайберген Базарбаев Ноокен районунун Шалка айылында жаңы мектепти ачты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Шалка айылынын мугалимдерин, окуучуларды жана ата-энелерди жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады.
Майрамдык иш-чаранын башталышында министр Кудайберген Базарбаевге, КР ЖК депутаты Мейкинбек Абдалиевге жана мектептин директору мектептин ачкычын тапшырышты.
«Биринчи мектеп Шалка айылында 1936-жылы курулуп, көп жылдар бою Улуу Ата Мекендик согуштун баатырынын ысымын алып жүргөн. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаровдун аракети менен кенен, жарык класс бөлмөлөрү, ашканасы, спорт аянты бар жаңы мектеп сиздерге эшигин ачты.
Жыл башында өлкө башчыбыз 1-сентябрга чейин Кыргызстандын ар кайсы аймактарында 100 жаңы мектеп куруу тапшырмасын берген. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда гана 17 жаңы мектеп окуучуларын кабыл алды», – деди ал.
Министр түзүлгөн шарттар жана профессордук-окутуучулук курамдын кесипкөйлүгү окуучулардын жогорку натыйжаларга жетишүүсүнө шарт түзөөрүнө ишеним билдирди.
«Токтосун Осмонов, Канымбү Абдувалиева, Бүсайра Кадыркулова, Бактыкан Молдалиева, Шайырбек Максүтов, Гүлжамал Молдобекова, Адиякан Аятова, Нурбү Мамадалиева – булар Шалка айылындагы мектептин «Кыргыз Республикасынын Эл агартуунун отличниги» наамын алып жүргөн мугалимдери». Жалал-Абад облусунун бүтүрүүчүлөрү ЖРТдан эң жогорку балл алгандардын тизмесине дайыма кирет. Шалка айылынын мектеп окуучулары тууралуу бир эмес, бир нече жолу угабыз деп ишенем», – деди Кудайберген Базарбаев.
Пайдалуу
Ссылкалар