«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын август айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 1 – августунан 1 – сентябрына чейин  7939 телефондон кайрылуу (бир суткада 256 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 163 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 53 же 32,5%  жаш балдар, ал эми 110 же 67,5% чоң кишилер), 127 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 20 абонентке психологиялык консультация берилген, 16 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

163  чалуунун ичинен: эркектерден – 25 (15,3%), аялдардан – 85 (52,2%), эркек балдардан – 16 (9,8%) , кыздардан – 37 (22,7%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 46 (балдар 1);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү  жөнүндө – 24 (балдар 3);

– психологиялык жабырлануу менен – 17 (балдар 10);

– балдарды тарбиялоо, анын журум туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 15 (балдар 13);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндо – 14 (балдар 8);

– үй бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 8 (балдар 4);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 7 (балдар 1);

– билим берүү системасы жөнүндө – 7 (балдар 0);

– балдарга кайдыгер мамиле жасоо жөнүндө – 6 (балдар 3);

– башка маселелер боюнча – 6 (балдар 3);

– БУИТ борборунун иши жөнүндо маалымат – 5 (балдар 5);

– мамлекеттик органдардын аймактык болүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 4 (балдар 1);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 3 (балдар 0);

– суицид жөнүндө – 1 (балдар 1).

7776 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 47 (28,8%);

– Ош облусунан – 19 (11,6%);

– Чүй облусунан – 18 (11,0%);

– Жалал-Абад облусунан – 16 (9,8 %);

– Ысык-Көл облусунан – 9 (5,5%);

– Ош шаарынан – 9 (5,5%);

– Баткен облусунан – 8 (5,0%);

– Нарын облусунан – 5 (3,1%);

– Талас облусунан – 5 (3,1%);

– жашыруун чалуулар (анонимдерден) – 27 (16,6%).

Пайдалуу
Ссылкалар