Эмгек министри Кудайберген Базарбаев Москва шаарында эмгек мигранттарына жардам берүү борборун ачты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Москва шаарында эмгек миграциясында жүргөн аялдар үчүн “Умай эне” кайрымдуулук борборун онлайн ачты.
Аталган борбор Россия Федерациясындагы Эмгек министрлигинин Өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен уюштурулуп, мындан ары да иштей берет, эмгек миграциясында жүргөндө турмуштук оор кырдаалга кабылган аялдарга, ошондой эле алардын балдарына жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөтөт.
“Эмгек мигранттары үчүн коопсуз шарттарды түзүү – мындай милдетти КР Президенти С.Н.Жапаров биздин алдыбызга койду. Кыргызстандыктарды натыйжалуу коргоо үчүн министрликтин Москва шаарында өкүлчүлүгү ачылган. Жыл башынан бери өкүлчүлүккө 5 миңден ашык мекендештерибиз миграция жана эмгек мамилелери жаатында кеңеш сурап кайрылышкан. Мигранттардын балдарынын укугун коргоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 2023 – жылдын жети айында ата-энесинин камкордугусуз калган жана оор кырдаалга кабылган 41 жашы жете элек бала социалдык коргоого алынды”, – деди ачылышта Кудайберген Базарбаев.
Министр россиялык бизнесмен Георгий Гнатовскийге жана анын жубайы Атыркул Гнатовскаяга аталган борборду түзгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Борбор 17 орунга эсептелген, аялдарга жана балдарга үч маал тамак-аш жана медициналык жардам көрсөтөт.
Пайдалуу
Ссылкалар