“Кыргызстанда экологиялык туруктуу экономикага адилеттүү өтүүгө көмөктөшүү” долбоору старт алды

Бүгүн, 4-сентябрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова татыктуу эмгек маселелери боюнча техникалык колдоо тобу жана Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн Эл аралык эмгек уюму менен Кыргызстанда экологиялык туруктуу экономикага адилеттүү өтүү чөйрөсүндө кызматташуу жана чараларды биргелешип ишке ашыруу маселелерин талкуулады.
“Климаттын жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүшү жакырчылыкты кыскартууга, татыктуу эмгекке жана туруктуу өнүгүүгө тоскоол болушу мүмкүн. Ошондуктан экологиялык туруктуу экономикага адилеттүү өтүү эмгек жана иш менен камсыз кылуу маселелери менен байланыштырылышы керек”, – деди министрдин орун басары.
Долбоор чакан жана орто бизнестин экологиялык туруктуулугун, өндүрүмдүүлүгүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, аларды тегерек экономикага интеграциялоого багытталган. Негизги кызыккан тараптар Эл аралык эмгек уюмунун атайын окуу программасы боюнча чакан жана орто бизнес үчүн адилеттүү өтүүгө көмөктөшүү боюнча билимге жана мыкты тажрыйбага ээ болушат.
Пайдалуу
Ссылкалар