9 миңден ашык ашык кыргызстандык эмгек министрлигинен суроолоруна жооп ала алышты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, үстүбүздөгү жылдын 8 айында 7 миңден ашык кыргызстандыктар Коомдук кабылдама, “ишеним телефону” жана ведомство жетекчилигинин жеке кабыл алуулары аркылуу ар кандай суроолор менен кайрылышкан.
Министрлик кызмат алуучулар үчүн максималдуу жеткиликтүүлүк жана ачыктык камсыздалганын белгилейт. Майыптыгы бар жарандар үчүн бардык стандарттарды сактоо менен пандустар бар.
Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигине кайрылгандардын арасында аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, улгайган жарандар, майыптыгы бар адамдар, ар кандай мамлекеттик жөлөк пулдарды жана акчалай компенсацияларды алгандар бар. Кайрылгандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жашашат.
Ошондой эле эмгек министри Кудайберген Базарбаев тарабынан Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарынын бардык райондорунун айылдарынын жашоочулары менен жолугушуулар уюштурулуп, ага 2 миңден ашык адам катышты. Жолугушуунун катышуучулары кызыктырган, көйгөйлүү суроолорго жооп ала алышты жана жергиликтүү эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарына тиешелүү тапшырмалар берилди.
Эгерде кайрылуулардын мазмунун карап көрсөк, ар бир үчүнчү, телефон чалган же жолугушууга келген, жөлөкпулдарды же социалдык кызматтарды алуу маселесин көтөргөн. 17% гуманитардык же материалдык жардам сурап кайрылышкан, 9% үй – бүлөнү жана балдарды коргоо, 9,9% эмгек мыйзамдарын сактоо жана 2,5% миграция мыйзамдарына кайрылышкан.
Ошондой эле жарандар жумушка орношуу, майыптык, укуктук маселелер боюнча кайрылышты.
Пайдалуу
Ссылкалар