Эмгек министрлиги “EPАM Kyrgyzstan”ИТ-компаниясы менен моморандумга кол коет

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары У.Б.Чаначев менен “EPАM Kyrgyzstan”ИТ-компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу болуп, кызматташуу маселелери талкууланды.
Жолугушууга ошондой эле “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемесинин директору Р.Акынбеков, санариптик өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Г. О. Намазова, Министрликтин иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн өкүлдөрү, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жана жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борборунун өкүлдөрү катышышты.
Таанышуу жолугушуусунда тараптар келечекте кызматташуунун өз ара багыттарын иштеп чыгууну жана андан ары биргелешкен жана өз ара пайдалуу иш-аракеттер үчүн Министрлик менен компаниянын ортосунда кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюуну чечишти.
«EPAM Kyrgyzstan» IT- компаниясы 1993-жылдан бери дүйнөлүк лидерлерге программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө жардам берип келет. Бүгүнкү күндө компанияда маалыматтык жана программалык технологиялар, санариптештирүү жана автоматташтыруу жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу менен 150дөн ашык инженер эмгектенет.

 

Пайдалуу
Ссылкалар