«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын 8 айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 8 айында 51259 телефондон кайрылуу (бир суткада 210, бир айда 6407 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 1422 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 435 же 30,6%  жаш балдар, ал эми 987 же 69,4 % чоң кишилер), 1089 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 173 абонентке психологиялык консультация берилген, 160 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

1422 чалуунун ичинен: эркектерден – 265 (18,6%), аялдардан – 722 (50,8%), эркек балдардан – 109 (7,6%), кыздардан – 326 (23,0%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө –  355 (балдар 9);

– балдарды тарбиялоо, анын журум туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 180 (балдар 128);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү  жөнүндө – 177 (балдар 17);

– психологиялык жабырлануу менен – 159 (балдар 126);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө  – 112 (балдар 53);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 88 (балдар 12);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 64 (балдар 16);

– билим берүү системасы жөнүндө – 56 (балдар 6);

– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 55 (балдар 11);

– БУИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 55 (балдар 34);

– башка маселелер боюнча – 49 (балдар 16);

–  мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн , өАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 36 (балдар 1);

– медицина камсыздоо жөнүндө – 31 (балдар 3);

– суицид жөнүндө – 4 (балдар 3);

– мектептеги рэкет жөнүндө – 1 (балдар 0).

49837  ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

 Бишкек шаарынан – 418 (29,4%);

 Чүй облусунан – 223 (15,7%);

 Ош облусунан  – 145 (10,2%);

 Жалал-Абад облусунан  –  127 (8,9%);

 Ош шаарынан  – 81 (5,7%);

 Ысыкол облусунан – 68 (4,8%);

 Баткен облусунан – 45 (3,2%);

 Нарын облусунан – 37 (2,6%);

 Талас облусуан – 29 (2,0%);

 жашырун чалуулар (анонимдерден) – 249 (17,5%).

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

БҮИТ Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү.

Балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу кабарланган 57 кайрылунунун ичинен 12 факты анык болгон (11 бала үй-бүлөдөн алынган, анын ичинен: 8 бала убактылуу реабилитациялык борборго жайгаштырылган, 1 бала ооруканага жаткырылган, 3 бала убактылуу туугандарына берилген, 1 факты боюнча тергөө иши козголуп, сотко өткөн), 20 факты аныкталган эмес. Буга байланыштуу бардык үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 25 кайрылуу каралууда.

Балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу кабарланган 26 кайрылуунун ичинен 3 факты аныкталган (2 бала үй-бүлөсүнөн алынып, убактылуу реабилитациялык борборго жайгаштырылган), ал эми 8 факты аныкталган эмес, үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 15 кайрылуу каралууда.

Үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн  жөнүндө 14 кайрылуунун ичинен 4 факты аныкталган (1 аялга коргоо ордери берилип, Кризистик борборго жайгаштырылгпн, 1 факты боюнча аял күйөөсүнө арыз жазгандан баш тарткан),  үй-бүлө мүчөлөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, 5 факты аныкталган эмес, 5 кайрылуу каралууда.

Үй–бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө кабарланган 5 абоненттин кайрылуусунун ичинен, 1 факты боюнча балдар апасына кайтарылган, 1 аялга коргоо ордери берилген, 3 каралууда.

67 үй-бүлөгө райондук, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын кызматкерлери жашаган жерине барып, изилдеп чыгып, үй-бүлөлөр менен балдарды кароо жана тарбиялоо, мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө, төлөө, ошондой эле оор турмушка кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө берилүүчү социалдык кызматтар жөнүндө консультациялар жана сунуштар берилген, кээ бир үй-бүлөлөр көзөмөлгө жана коштоого алынган.

Пайдалуу
Ссылкалар