Эмгек министринин м.а. Гүлнара Баатырова миграция тармагындагы биринчи кезектеги милдеттерди белгиледи

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу Гүлнара Баатырова бүгүн, 13-сентябрда ЭМУнун Түштүк-Чыгыш Европа, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Манфред Профаци менен жолугушууда билдирди.
Гүлнара Баатырованын айтымында, миграциялык саясат маселелери Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу маселелердин бири болуп саналат.
“Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров миграция маселесине өзгөчө көңүл бурат. Акыркы мезгилде эмгек мигранттарын эксплуатациядан, адам сатуудан коргоо үчүн көп иштер жасалды. Миграция чөйрөсүндө түзүлгөн статистикалык маалыматтар базасы миграциялык агымдарды так көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Бүгүнкү күндө биздин алдыбызда мигранттарды реинтеграциялоо, кайтып келген мекендештерди жумушка орноштуруу жана иш менен камсыз кылуу боюнча иштерди баштоо милдети турат. Ошондой эле биз миграциялык кодексти же миграция чөйрөсүндөгү бирдиктүү мыйзамды иштеп чыгууну пландаштырып жатабыз”, – деп маалымдады ал.
Министрдин милдетин аткаруучу ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн Кыргызстандагы адамдардын мобилдүүлүгүнө тийгизген таасири жөнүндө изилдөө жүргүзүү зарылдыгын айтты
людей в КР.
Пайдалуу
Ссылкалар