БУУда Кыргызстандагы Балдардын укуктарын коргоо боюнча бешинчи жана алтынчы баяндамалар каралды

12-13-сентябрь 2023-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Женева шаарындагы (Швейцария) бөлүмүндө БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин 94-сессиясынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун балдардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Бириккен бешинчи жана алтынчы мезгилдүү баяндамасы каралды.
БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Бириккен бешинчи жана алтынчы мезгилдүү баяндамаларын берүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 23-августундагы 2023-жылдагы буйругу менен расмий делегация түзүлүп, ага балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева жетекчилик кылган.
Делегациянын курамына Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алабева, ИИМ министринин орун басары Эркебек Аширходжаев,Жогорку Соттун судьясы Аида Сейдакматова, билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рыспаева, саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди.
Баяндаманы коргоо алкагында делегация мүчөлөрү БУУнун Баланын укуктары боюнча комитетинин балдардын укуктары жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу боюнча бир катар суроолоруна жооп беришти. Диалогдун жүрүшүндө комитеттин мүчөлөрү тарабынан социалдык, билим берүү, медициналык саясат, ошондой эле коопсуздук жана Ювеналдык юстиция жаатындагы маселелер козголду.
Делегация мүчөлөрү тарабынан өлкөнүн эл аралык нормаларды сактоо жаатындагы сиңирген эмгеги, ошондой эле биздин өлкөдө баланын кызыкчылыгын сактоо боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар белгиленди.
Делегация мүчөлөрү тарабынан өлкөнүн эл аралык нормаларды сактоо жаатындагы сиңирген эмгеги, ошондой эле биздин өлкөдө баланын кызыкчылыгын сактоо боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар белгиленди.
Маалымдама:
2019-жылдын ноябрында 421-Р. үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен 2014-2019-жылдар аралыгында балдардын укуктары жөнүндө Конвенциянын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын бешинчи мезгилдүү баяндамасы жактырылган.
2023-жылдын мартында БУУнун комитетинен Кыргызстандын Бириккен бешинчи жана алтынчы мезгилдүү баяндамаларына байланыштуу суроолордун тизмеси келип түштү. Суроого жооп БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетине жөнөтүлдү (тиркелет).
Бешинчи мезгилдүү баяндаманы коргоо күнүндө кошумча суроолорго ыкчам жоопторду даярдоо үчүн КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 25.08.23 ж № 31 буйругу менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.
Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча Жогорку комиссардын башкармалыгынын региондук бөлүмүнүн жана БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн техникалык колдоосунда альтернативдүү баяндамалардын алкагында жарандык сектор тарабынан берилген сунуштамаларды, ошондой эле докладды коргоо күнүндө ведомстволор аралык жумушчу топтун иштерин талкуулоо боюнча тегерек столдор уюштурулду.
защиты доклада.
Пайдалуу
Ссылкалар