Эмгек министрлиги коррупциялык схемаларды аныктоодо кантип кызматташат

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык борбордук аппараттын, ошондой эле ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин арасында коррупциянын алдын алуу боюнча туруктуу иш жүргүзөт.
Министрлик бүтүндөй системаны санариптик трансформациялоо аркылуу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын натыйжалуулугун, даректүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзүп келет.
Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасы социалдык жөлөкпулдарды дайындоо, төлөө процессин автоматташтырууну камсыз кылат, бирок мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө бузулган учурлар бар, мисалы Аламүдүн жана Талас аймактык башкармалыктарында адам факторунун кесепетинен аныкталган.
Мындай фактылар табылган учурда Министрлик текшерүүчү органдар менен активдүү кызматташып, суралган маалыматты өз убагында берип, ишти териштирүү учурунда ар тараптуу жардам көрсөтүп келет.
Пайдалуу
Ссылкалар