Эмгек министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев корей тилин акысыз үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев “Седжон” фондунун (Корея Республикасы) делегациясы менен мындан ары Кореяда ишке орношуу үчүн кыргызстандыктарга корей тилин акысыз үйрөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Министрдин орун басарынын айтымында, ведомство чет өлкөдө ийгиликтүү ишке орношуу үчүн шарттарды түзүү боюнча жигердүү иш алып барууда.

“Корея Республикасына жумушчу күчүн жөнөтүү жана кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында 16 жылдан бери Кыргыз Республикасынын жарандары Корея Республикасынын ишканаларында ийгиликтүү ишке орношууда. Бул убакыт аралыгында 5 миңден ашык эмгек келишимдери алынды”, – деди ал.

Жолугушууда жумушка орношуудагы талаптардын бири корей тилин билүү экени белгиленди. Буга байланыштуу Нурдөөлөт Базарбаев корей тилин акысыз окутууну уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Пайдалуу
Ссылкалар