Финансылык сабаттуулук – коомдун бакубаттуулугунун ачкычтарынын бири

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова финансылык сабаттуулук боюнча окутуунун жүрүшүндө, бүгүнкү күндө ар бирибиздин жашообузда жана коомдун бакубаттуулугун жогорулатууда финансылык сабаттуулуктун ролу тууралуу айтып берди. Окутуу финансылык жеткиликтүүлүктүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында КР Улуттук банкы менен биргеликте уюштурулган.
Министрдин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, министрликте финансылык сабаттуулук боюнча окутуу тажрыйбасы бар.
«Бүгүнкү күндө министрлик аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү ишкердик менен алектенүүгө стимулдаштырууга багытталган бир катар долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында финансылык инструменттер менен тыгыз байланышта иштейт.
Биринчи кезекте, кеп “социалдык келишим” жана “эмгек ордуна азык-түлүк/накталай акча”долбоорлору жөнүндө болуп жатат. Ошондой эле кайтып келген эмгек мигранттарына жардам берүү үчүн “бизнес жүргүзүүнүн негиздери” курсу иштелип чыкты”, – деди ал.
Ошондой эле кайтып келген эмгек мигранттарына жардам берүү үчүн “бизнес жүргүзүүнүн негиздери” курсу иштелип чыкты”, – деди ал.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар финансылык максаттарды коюу, финансылык пландарды жана үй-бүлөлүк бюджетти түзүү, кредиттер жана депозиттер боюнча өз билимдерин кеңейтишти. Окутууну өткөрүүдө интерактивдик методдор, эсептөө, кырдаалды талдоо менен практикалык көнүгүүлөр аркылуу колдонулду.
Пайдалуу
Ссылкалар