Эмгек министрлигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты
Бүгүн, 16-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Бишкек шаарындагы булганган аймактарды таштандыдан тазалоо боюнча жалпы республикалык ишембиликке катышты. Э.Гареев атындагы сейил багында атайын бөлүнгөн жерде таштандыларды жана ирригациялык тармактарды тазалоо боюнча ишембилик өткөрүлдү.
Тазалык күнүн колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жамааты Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бактын тротуарларын, газондорун жана арыктарын тазалашты. Ошондой эле, бардык ведомстволук жана аймактык башкармалыктар, тазалыкка арналган иш-чараны колдоо иретинде ишембилик өткөрүп, бөлүнгөн жерлерди ирээтке келтиришти.
Эмгек министрлигинин башчысы шаарды көрктөндүрүү максатында ишембиликтерди өткөрүү жакшы салт экенин белгиледи. «Шаарды жана сейил бактарды жашылдандыруу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп, таштандыларды чыгаруу зарыл. Мындай иш-чара пайда алып келип, жамаатты бириктирет», – деди Г.Баатырова.
Ишембилик КРнын Президенти С. Н.Жапаровдун “улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар аралыгындагы тиричилик калдыктары менен иштөө боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында өттү.
годы».
2023-09-16