Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында майып балдардын 540 ата-энеси окутулат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева  “Ата-энелерди агартуу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин реабилитациялоонун негиздерине окутуу” долбоорунун ачылышына катышты.

Долбоорду “Бирге ден соолукка” коомдук фонду жана И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университети ишке ашырууда. Долбоордун алкагында 540 ата-энеге майыптыгы бар балдарды социалдаштыруу көндүмдөрүнө окутуу пландаштырылууда.

Республиканын бардык аймактарынан келген ата-энелер Эне менен баланын потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн ачуу үчүн зарыл болгон психологиялык-педагогикалык агартуу жаатында керектүү билимдерди алышы пландаштырылууда.

Жаңыл Алыбаеванын айтымында, мамлекеттик социалдык заказдын алкагында министрлик калктын аярлуу катмарына, анын ичинде майыптыгы бар балдарга кошумча социалдык кызматтарды көрсөтөт.

“Эгерде былтыр социалдык маанилүү долбоорлорго республикалык бюджеттен 37 млн сом бөлүнсө, быйыл 48,7 млн сом болду. 47 борбор колдоого алынып, 20 жаңы борбор түзүлүп, алар майыптыгы бар адамдарга, турмуштук оор кырдаалда турган балдарга ар кандай кызматтарды көрсөтүшөт”, – деди ал.

Ошондой эле иш-чарада ЖК депутаты Д.Д.Бекешев, И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор А.Т.Абдраева, «Бирге саламаттыкка карай» Коомдук фондун жетекчиси А.А.Суванкулова, DVV International  уюмунун  ѳкулдѳрү чыгып сүйлѳштү.

 

Пайдалуу
Ссылкалар