Министр Гүлнара Баатырова майып балдарды социалдык жактан камсыздоого токтолду

Бүгүн, 19-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды социалдык жактан камсыздоо жаатындагы абал тууралуу маалымат берди.
Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңештин жыйынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ачты.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырованын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө 211 миң майып адам жашайт, алардын 37 миңи балдар.
“Майыптыкты аныктоону медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар жүргүзөт. Жыл сайын 5 миңге жакын бала текшерүүдөн жана кайра текшерүүдөн өтөт. “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында бүгүнкү күндө МСЭКтен өтүү жөнөкөйлөштүрүлдү, эми ар кандай ведомстволордон көптөгөн маалымкаттарды чогултуунун кажети жок, бардыгы санариптештирилди.
Майыптыгы бар балдарды социалдык камсыздоого ай сайын 8 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөө каралган. Майыптыгы бар ар бир төртүнчү бала жеке жардамчынын кызматын алат. Жардамчылардын акысы айына 6,3 миң сомду түзөт.
Майыптыгы бар 6 миңге жакын бала протездик-ортопедиялык буюмдарды акысыз алышат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси Россия, Германия, Кытайдын алдыңкы протездик өндүрүүчүлөрү менен кызматташат. Электроникасыз иштеген, суудан коркпогон жана балдарга толук ылайыкташкан протездик-гаджеттерди чыгаруу өздөштүрүлгөн. Буга чейин 13 бала ушундай киби-протездерди алышкан”, – деди Баатырова.
Жыйынга ЮНИСЕФтин КР өкүлү Кристин Жольм, майыптыгы бар адамдардын Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Исаков, мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана жарандык активисттери катышышты.
Жыйындын күн тартибинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо жана маданият, дене тарбия жана спорт тармактарында укуктарын ишке ашыруу маселелери каралды.
и спорта.
Пайдалуу
Ссылкалар