Мыйзамдардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү

2023-жылдын, 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Ү. Жапаровдун 2023-жылдын 8-сентябрында кабыл алынган №465 буйругун кынтыксыз аткаруу боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү.
Кеңешменин жүрүшүндө министрдин орун басары Ж.И. Алыбаева Министрлер Кабинетинин Төрагасынын бул буйругун ишке ашыруу боюнча түшүндүрмө берди. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин алдына бардык мыйзамдарды жана жогору турган органдардын тапшырмаларын алдын ала инвентаризациялоону жүргүзүү жана андан ары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берүү үчүн тиркелген форма боюнча маалыматты ар айдын 5ине чейинки мөөнөттө уюштуруу иштери секторуна берүү милдетин койду.
Андан ары Министрликтин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун илгерилетүү боюнча жумушчу тобунун отуруму болуп өттү.
миграции.
Пайдалуу
Ссылкалар