Эмгек министринин биринчи орун басары Н. Базарбаев миграция маселелери боюнча ЕЭКтин өлкөлөр аралык чоң Коомдук кеңешин өткөрдү

                    21-сентябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде миграция маселелери боюнча Өлкөлөр аралык чоң коомдук кеңештин II отуруму болуп өттү. Ага ЕЭКтин миграция чөйрөсүндөгү министрликтердин жана ведомстволордун, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн аналитикалык жана илимий чөйрөлөрүнүн эксперттеринин катышуусу менен өткөрүлдү.

Жолугушуу “Карылар үчүн ресурстук борбор” коомдук бирикмеси тарабынан КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана КР Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Миграция боюнча кеңеши менен өнөктөштүктө “Россия, Армения, Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосунда эмгек миграциясына адистешкен БӨУлардын трансулуттук тармагын консолидациялоо” долбоорунун алкагында Caritas France колдоосу менен уюштурулду.

 Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Н.С. Базарбаев жыйынды ачып жатып,өз сөзүндө Миграция боюнча өлкөлөр аралык ири коомдук кеңеш миграция жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүнүн эң жакшы жолдорун табуу үчүн ар түрдүү пикирлердин, билимдердин жана тажрыйбалардын бириккен аянтчасына айланат деген ишенимин билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Кеңештин учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, иш планы жана позициясы талкууланды. Эл аралык катышуучулар өз өлкөлөрүндөгү учурдагы миграциялык абал тууралуу айтып, биргелешкен миграция маселелерин чечүүдө өлкөлөр аралык кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Миграция маселелери боюнча Өлкөлөр аралык чоң коомдук кеңеш (МБК) – миграциялык процесстерди жөнгө салуу жана мамлекеттик органдардын, жарандык коом институттарынын, эксперттик жана илимий коомчулуктардын, бизнес түзүмдөрдүн, ЕАЭБдин, КМШнын, ШКУнун, башка эл аралык түзүмдөрдүн жана бирикмелердин алкагындагы улуттук-маданий бирикмелердин миграция чөйрөсүндөгү кызматташуу механизмдерин өнүктүрүү максатында түзүлгөн өлкөлөр аралык туруктуу иштөөчү эксперттик-консультативдик коомдук аянтча болуп саналат.

“Карылар үчүн ресурстук борбор” коомдук биркмеси 2023-жылдын жазында Миграция боюнча Өлкөлөр аралык чоң коомдук кеңешти (МБК) түзүүнү демилгелеген. 2023-жылдын 28-апрелинде Бишкекте гибриддик форматта Кеңештин биринчи орнотуу жыйыны болуп өттү, анын жыйынтыгы боюнча Кеңештин жетектөөчү курамы, алдыдагы милдеттер жана ишмердүүлүк багыттары аныкталган.

Пайдалуу
Ссылкалар