Эмгек министри “Социалдык келишим” боюнча жардам алган үй-бүлөлөргө барды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Ысык-Ата районундагы 2023-жылы мамлекет менен  социалдык келишимге кол койгон аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө барды.
Алардын бири-экинчи топтогу майыптыгы бар Алмагул Жантемированын үй-бүлөсү. Ал 15 жаштагы кызын жалгыз тарбиялап келет. Мамлекеттен алган 100 миң сомго кулпунайдын үч түрүн өстүрүү менен алектенет. Биринчи түшүмүнөн 50 миң сом киреше тапкан.
Министр ошондой эле  беш баланы тарбиялап келген Марал Ашубаеванын үй-бүлөсү менен таанышып келди.
«Ага чейин ал «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган, бирок алар мамлекетке көз каранды болгусу келбей, социалдык келишим түзүүнү чечишкен. Бул үй-бүлө, социалдык келишимдин көптөгөн катышуучулары сыяктуу эле, тигүү тармагында жеке бизнесин баштаган. Бул учурда тигүүчүлүктөн айына 20 миң сом киреше түшөт», – дейт Гүлнара Баатырова.
Эскерте кетсек, жардам аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоонун жагымдуу шарттарын түзүүгө, аларды турмуштук оор кырдаалды жеңүү боюнча активдүү иш-аракеттерге стимулдаштырууга, эмгек потенциалын өнүктүрүүгө, ошондой эле ишкерлерди кошумча жумуш орундарын түзүү процессине же өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
Пайдалуу
Ссылкалар