Эмгек министрлиги: Тавалдиевге компенсация 2023-жылдын 1-январынан тарта төлөнүп келет

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Ш.К. Тавалдиевдин маселеси боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

Сузак райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын маалыматы боюнча Ш.К. Тавалдиев Советтик Армиянын майыбы болуп саналат жана ай сайын 7000 сом өлчөмүндө акчалай компенсация алып келген.

Жаран Ш.К. Тавалдиевге ай сайын акчалай компенсация төлөө 2021-жылдын 21-июлунан тартып үч айлык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы 577-токтомуна өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин колдонулган жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды дайындоо тартиби жөнүндө Жобого ылайык паспортунун жарактуулук мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу токтотулган.

Ш. К. Тавалдиев жарактуу мөөнөтү менен паспорт бербегенин жана Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына кайрылбаганын эске алып, үч ай өткөндөн кийин төлөм токтотулган.

2023-жылы уюштурулган инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча айыл өкмөтүнүн кызматкерлери аркылуу төлөөлөрдү тариздөө үчүн Ш.К. Тавалдиевди издөө боюнча чаралар көрүлдү.

Ошентип, 2023-жылдын 1-январынан тартып Ш. К. Тавалдиевге кайрадан 7000 сом өлчөмүндө ай сайын акчалай компенсация дайындалган.

Жалал-Абад облусунун административдик соту Ш.К. Тавалдиевдин 2021-жылдын августунан 2022-жылдын декабрына чейинки өткөн төлөнбөгөн мезгил үчүн ай сайын акчалай компенсация төлөө жөнүндө ишин карады.

Ш.К. Тавалдиевге акы төлөө боюнча мындан аркы аракеттер  соттун чечимине ылайык ишке ашырылат, бирок бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин дарегине сотту чечими келип  түшө элек.

Пайдалуу
Ссылкалар