Эмгек министри Г.Баатырова Токмок 1 социалдык станционардык мекемесинин күз-кышка даярдыгын текшерип таанышты

26-сентябрь күнү,  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри.Г. Баатырова Чүй районунун Искра айылында жайгашкан Токмок 1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин жашоо шарттары менен таанышты.
300 орунга эсептелген мекемеде учурда 286 мүмкүнчүлүгү чектелген социалдык кызматтарды алуучулар жашайт.
Министр уктоочу корпусту, ашкананы, кампа жайларын, жашылча сактоочу жайды карап чыкты.

Кампалар көмүр менен камсыздалып, жылытуу казандары оңдолуп, кыш мезгилине даяр эки генератор бар. Кампасында азыктары 3 айга запасы бар. Токмок ССМ жылытуу мезгилине даяр. Канализациянын көйгөйлөрүнө байланыштуу канализациялык септик курулган.

Пайдалуу
Ссылкалар