Гүлнара Баатырова Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемедеги жылытуу мезгилине даярдыкты көзөмөлдөдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемедеги жылытуу мезгилине даярдыкты көзөмөлдөдү
Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин башчысы психоневрологиялык диагнозу бар 18 жаштан жогорку курактагы 250 кызмат алуучулардын жашоо шарттарын, мекеменин кышка даярдыгын жана азык-түлүк запастарын карап чыкты.
Интернат электр энергиясы менен жылытылат, генератору бар экени айтылды. Ошондой эле мекемеде жалпы көлөмү 2 миң литрге жакын күн коллекторлору орнотулган, бул ысык сууга болгон муктаждыкты толугу менен камсыз кылат.
Министр жамаат жана кызмат алуучулар менен жолугушуп, актуалдуу маселелерди талкуулады.
Пайдалуу
Ссылкалар