2023-жылы Кыргызстанда жумушка орношуунун өсүшү өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 8,2% га ашты

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин эмгек, ишке орноштуруу жана калкты социалдык коргоо боюнча Консультативдик кеңешинин 36-отурумунда билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан эмгек жана социалдык камсыздоо чөйрөсүнө болуп көрбөгөндөй көңүл бурууда. Эмгек жана эмгек мамилелери, иш менен камсыз кылуу, калктын аялуу катмарын, өзгөчө аялдар менен балдарды, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясат дайыма өркүндөтүлүп турат.
Бул саясаттын натыйжасы 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында 97,6 миң жаран ишке орноштуруу кызматтарында катталган, бул өткөн жылдын июль айынын аягына салыштырмалуу 3,2% аз. Мында 7,5 миң адам жумуш менен камсыз болгон, бул 2022-жылга салыштырмалуу 8,2%га көп.
Ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин номиналдык орточо айлык эмгек акысы 2023-жылдын январь-июнунда (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 2022 – жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 29,1% га жогорулады”, – деп маалымдады Жылдыз Полотова.
Министрдин орун басары иш менен камсыз кылуу саясатынын маанилүү аспектиси эмгек рыногунда активдүү чараларды өткөрүү болуп саналат деп белгиледи.
“Өткөн жылдын биринчи жарымында 9,9 миңден ашуун адам акы төлөнүүчү коомдук жумуштар жана кесиптик окутуу сыяктуу активдүү чаралар менен камтылган. Биздин максат-жумушсуз жарандардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана алардын талап кылынган кесиптерге жетүүсүн камсыз кылуу. Мындан тышкары, 1,6 миңден ашуун адам иш берүүчүлөрдүн табыштамалары боюнча уюштурулган кыска мөөнөттүү курстарда окушту.
Өлкөдө кесиптик багыт берүү боюнча 9 борбор иштейт. Алар кесип тандоодо сапаттуу консультациялык кызматтарды көрсөтүшөт жана өлкөдөгү жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүүгө көмөктөшөт”, – деп белгиледи ал.
Пайдалуу
Ссылкалар