Эмгек министри: 4 миңге жакын кары-картаңдар үйүндө тейленет

Бүгүн, 29-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Карылардын эл аралык күнүнө карата жыл сайын өтүүчү “Жүрөктөн жүрөккө” кайрымдуулук көргөзмө-жарманкесине катышты.

Иш-чара ” AgeNet International ” эл аралык геронтологиялык тармагы тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борбору менен биргеликте Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулду.

Жарманкеге Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 40 кары-картаңдар тобунун лидерлери катышып, кийизден, жүндөн жасалган буюмдарды, сувенирдик улуттук продукцияларды тартуулашты.
“Бүгүнкү күндө өлкөдө 2025-жылга чейин Кыргызстанда улгайган жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планы ишке ашырылууда. Анын алкагында улгайган жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу аракеттери көрүлүүдө. Улгайган жарандарды социалдык жактан коргоону камсыз кылуу үчүн пенсиялардын өлчөмдөрү жыл сайын индексацияланат, тилектештик пенсиясына жарандардын кошумча топтоочу пенсиялык фондуна акча салуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү жогорулатылууда, улгайган жарандардын социалдык стационардык мекемелерде болуу жана үйүндө багуу шарттары жакшырууда.

Социалдык кызматкерлер дээрлик 4 миң жалгыз бой улгайган жарандарды тейлейт. Пенсияга укугу жок эки миңге жакын улгайган жарандар ай сайын социалдык жөлөк пул алышат», – деди Гүлнара Баатырова.
Жарманкеде утушка ээ болгон лотерея, биринчи жардам көрсөтүү боюнча мастер-класстар, йога, скандинавиялык сейилдөө жана ден соолукту чыңдоо гимнастикасы, шахмат турнири, Саламаттыкты сактоо боюнча Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору (РДЧжМК) адистеринин консультациялары, ошондой эле Юстиция министрлигине караштуу юридикалык жардам кызматынын адистеринен юридикалык консультациялар уюштурулган. Ошондой эле артисттердин жана таланттуу чыгармачыл топторунун катышуусунда концерт болуп өттү.

 

Пайдалуу
Ссылкалар