Эмгек министрлиги ведомствонун мурдагы жана учурдагы кызматкерлерин карылар күнү менен куттуктады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова карылар күнүнө арналган майрамдын алдында пенсияда жүргөн мурдагы кызматкерлерди куттуктады. Гүлнара Баатырова министрликтин өнүгүшүнө салым кошкон ар бир кызматкерге жылуу сөздөрүн айтып, ыраазычылыгын билдирип, белектерди тапшырды.
“Сиздер өз өмүрүңүздөрдү калктын аярлуу катмарынын көйгөйлөрүн чечүүгө арнап, ушул Министрликте жооптуу кызматтарды аркалап, иштедиңиздер. Сиздердин өмүрлүк өрнөгүңүздөр, турмуштук тажрыйбаңыздар жана даанышмандыгыңыздар – калкыбыздын баа жеткис байлыгы деп эсептейм. Айрым ардагерлерибиз ушу азыр да жаш муунду тарбиялап жатат. Өз тажрыйбасын, билимин аябай, жаап-жашырбай, жаш кызматкерлерди, жаңы муунду калыптоого салымын кошуп жатат. Баарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр, бакубат жашоо, кажыбас кайрат, кутман карылыктын жемишинен даам татып, ар дайым төрүбүздүн көркү болууңуздарды каалайм”,-деди министр.
Коноктордун бири- кадрлар бөлүмүнүн мурдагы башчысы Винера Сариеванын айтымында, акыркы мезгилде министрликтин профессионалдык өсүшү байкалууда.
“Биз баарыбыз өз ведомствобуздун ишине дайыма көз салып турабыз, тынчсызданабыз, сыймыктанабыз. Ошентсе да, көп жылдар бою бул жерде иштедик. Бүгүн бул жерде сиздер менен болгонубуз бизди кубандырат”,-деди ал.
она.
Пайдалуу
Ссылкалар