КМШ өлкөлөрү миграция маселесин талкуулашты

2023-жылдын 28-29-сентябрында Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Миграция органдарынын башчыларынын Кеңешинин жыйырма жетинчи жыйыны болуп өттү.

Жыйынга миграция органдарынын Кыргыз Республикасынын, Азербайжандын, Армениянын, Россиянын, Беларустун, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жетекчилери катышты.

Кыргызстандын делегациясын КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев жетектеди. Н.Базарбаев өз сөзүндө миграция жаатында талкууланып жаткан маселелердин маанилүүлүгүн белгилеп, КМШга мүчө-мамлекеттерди аларды чечүүнүн жолдорун издөөгө активдүү катышууга чакырды.

Ошондой эле КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын делегациясынын курамында Жогорку Кеңештин депутаты К. К. Сулайманов катышты.

Отурумдун күн тартибинде миграциялык абал, миграция чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарга өзгөртүүлөр, мамлекеттер аралык деңгээлдеги өз ара аракеттенүү маселелери, КМШга мүчө-мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсү жана расмий иш-аракеттери боюнча миграциялык органдардын жетекчилеринин баяндамалары каралды.

Жыйындын жыйынтыгында КМШга мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрү 2024-жылга иш планын бекитип, миграция маселелери боюнча тиешелүү чечимдерге кол коюшту.

играции.
Пайдалуу
Ссылкалар