Эмгек министрлиги кандай улгайган жарандар интернатта жашоого укуктуу экенин айтып берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жалгыз бой улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, өзүн-өзү кароого жөндөмсүз жана сырттан кароого муктаж адамдар социалдык стационардык мекемелерде жашоого укуктуу.
Ошондой эле жакын туугандарынын кароосуз калган улгайган курагына, оорусуна жана үй-бүлөлүү I-II тобунун майыптыгына байланыштуу өзүн-өзү багууга жөндөмсүз жубайлар интернаттарда жашай алышат.
Интернатка жайгаштыруунун негизги критерийлеринин бири-кароосуз калуу фактысы.
Жалгыз бой жарандар жана негизги турмуштук керектөөлөрүн өз алдынча канааттандыруу мүмкүнчүлүгүн толук же жарым-жартылай жоготкон жарандар, жакын туугандарынын кароосуз калган аз камсыз болгон жарандар социалдык стационардык мекемеге кабыл алуунун критерийлери болуп саналат.
Бүгүнкү күндө Министрликтин системасында республика боюнча улгайган жарандар жана ДМЧА үчүн 5 социалдык мекеме иштейт, аларда 513 кызмат алуучулар жашайт. Анын ичинен 240 жалгыз бой жарандар же улгайган курактагылар жана 273 ДМЧА жашайт.
Пайдалуу
Ссылкалар