Эмгек министри Кочкор районунда «Социалдык келишим» долбоору боюнча мониторинг жүргүздү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова “Социалдык келишим”долбооруна катышып жаткан Кочкор районунун үй-бүлөлөрүнө барды.
Гүлнара Баатырова барган биринчи үй-бүлө Жылдыз Букарадинованын үй-бүлөсү болду. “Мамлекеттен 100 миң сомго үй-бүлө азык-түлүк дүкөнүн ачкан. Бүгүнкү күнү дүкөндүн иши жакшы жүрүшүп, соода жакшы болуп жаткандыктан бул үй бүлө сезон учурунда 50 миң сомго чейин пайда табууда.
Жыпаркүл Жумалиеванын үй бүлөсү 7 кишиден турат. Буга чейин балдарына 4320 сом жөлөкпул алып келген. Учурда бизнес долбооруна ылайык картошка айдап түшүмү мол. Азыркы учурда жашап жаткан үйү урай турган абалда болуп жаткандыктан, бүгүнкү күнү тапкан пайдасына үй тургузууда. Бул да болсо жакшы жетишкендик,-деди министр.
Кочкор районунун дагы бир тургуну Серик Джусамбаев жалгыз бой, 1 кыздын атасы. Социалдык контракттын негизинде 100 миң сом алып үй канаттууларын, коен алып сатып соода кылуу менен алектенсе,Назик Мукамбетованын үй-бүлөсү “Занин” жана “Нубис” тукумундагы сүт багытындагы эчкилерди сатып алып тукумун көбөйтүп жана анын сүтүн сатып айына 9000сомго чейин киреше табууда. Майрам Кубанычбек кызы ар кандай жыгач иштетүүчү станокторду сатып алып, сапаттуу эмеректерди жасап сатышат. Кирешеси 15-20 миң сомду түзөт.
Назира Машаева болсо кийимдерди тигүү менен алектенип келет. Ар бир көрүп чыккан беш үй-бүлө өздөрүнүн жөндөмүнө жараша жакшы кирешелерди таап, алдыда дагы ийгиликтерди жаратуу пландары бар.
Кочкор районунда жалпысынан 119 аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекеттин колдоосу менен өз ишин баштады. Бул 728ден ашык адамдын жашоо деңгээлин жакшыртууга мүмкүндүк берди. Алардын 52% айыл чарба менен алектенет”, – деди Гүлнара Баатырова.
Пайдалуу
Ссылкалар