Түп районунда “Социалдык контракт” долбоору 1,1 миңден ашуун адамдын жашоосун жакшыртууга мүмкүндүк берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Түп районундагы “Социалдык контракт” долбооруна катышкан үй-бүлөлөргө барды.
«Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруунун мисалы катары Тумара Калыбаеванын үй-бүлөсү жана анын алты баласы саналат, кулпунай өстүрүү менен сезондо 150 миң сом киреше табышкан.
Үч баланын энеси, өзү мүмкүнчүлүгү чектелген Гүлзат Дастанова мамлекеттин жардамы менен сулуулук салонун ачкан. Бүгүнкү күндө балдарга берилүүчү 3600 сом жөлөк пулдун ордуна, анын айлык кирешеси 35 миң сомго жетти», – деди министр.
Гүлнара Баатырова Түп районунлагы Саадагүл Сарыкүчүкованын үй-бүлөсүнө да барды. Буга чейин баласы менен 1200 сом жөлөк пул алып жашаган жалгыз бой эне айына 10 миң сомдон киреше ала баштаган. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн акчага чүчпара жасоочу жабдыктарды сатып алып, жеке бизнесин баштаган.
Ал эми 11 баланы баккан Аида Иманкожоева өзүнүн бал челегин ачып, айына 30 миң сомго чейин ала баштады.
Министрдин айтымында, Түп районунда жалпысынан 202 үй-бүлө “социалдык келишим” долбооруна катышып, 1,1 миңден ашуун адамдын жашоосун жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Г.М.Баатырова Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына иш сапары менен барып, башкармалыктын ишмердүүлүгү, кызматкерлер менен таанышып, баарлашты.
1,1 тыс. человек.
Пайдалуу
Ссылкалар