«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын сентябрь айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 1 –сентябрынан 1 – октябрына чейин 5745 телефондон кайрылуу (бир суткада 191 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 214 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 63 же 29,4%  жаш балдар, ал эми 151 же 70,6 % чоң кишилер), 172 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 22 абонентке психологиялык консультация берилген, 20 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

214 чалуунун ичинен: эркектерден – 36 (16,8%), аялдардан – 115 (53,7%), эркек балдардан – 15 (7,0%), кыздардан – 48 (22,4%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 38 (балдар 1);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 30 (балдар 7);

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө  – 25 (балдар 21);

– билим берүү системасы жөнүндө – 23 (балдар 2);

– психологиялык жабырлануу менен – 22 (балдар15);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 15 (балдар 6);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 13 (балдар 1);

– үй бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 11 (балдар 3);

– БУИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 11 (балдар 4);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 9 (балдар 1);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ОАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 8 (балдар 1);

– башка маселелер боюнча – 7 (балдар 1);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 2 (балдар 0).

5531 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 64 (30,0%);

– Чүй  облусунан – 31 (14,5%);

– Жалал- Абад облусунан – 16 (7,5%);

– Ош шаарынан – 13 (6,0%);

– Ош облусунан – 11 (5,1%);

– Баткен  облусунан – 9 (4,2%);

– Нарын облусунан – 9 (4,2%);

– Ысык – Көл облусунан – 2 (1,0%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 53 (24,7%).

Пайдалуу
Ссылкалар