«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын сентябрь айынын төртүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 22 –сентябрынан 1 – октябрына чейин 1784 телефондон кайрылуу (бир суткада 178 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 56 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 17 же 30,4%  жаш балдар, ал эми 39 же 69,6 % чоң кишилер), 51 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 3 абонентке психологиялык консультация берилген, 2 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

56 чалуунун ичинен: эркектерден – 5 (9,0%), аялдардан – 34 (60,7%), эркек балдардан – 4 (7,1%), кыздардан – 13 (23,2%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө  – 13 (балдар 11);

– социалдык жардам көрсөтүү жонүндо – 9 (балдар 0);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 9 (балдар 0);

– БУИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 5 (балдар 3);

– үй бүлолүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 4 (балдар 0);

– билим берүү системасы жөнүндө – 4 (балдар 0);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 3 (балдар 1);

– психологиялык жабырлануу менен – 3 (балдар1);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 3 (балдар0);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 1 (балдар 0);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ОАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 1 (балдар 1);

– башка маселелер боюнча – 1 (балдар 0).

1728 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 19 (33,9%);

– Чүй  облусунан – 7 (12,5%);

– Ош шаарынан  – 5 (8,9%);

– Жалал- Абад облусунан  – 4 (7,1%);

– Баткен  облусунан – 4 (7,1%);

– Ош облусунан – 3 (5,4%);

– Нарын облусунан – 2 (3,6%);

– Ыссык – Көл облусунан – 2 (3,6%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 10 (17,9%).

Пайдалуу
Ссылкалар